Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Американын Президенти Барак Обама Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Барак Обама Орозо айт майрамы менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

 “Америка эли Мишель экөөбүздүн  Сизге  жана өлкөңүздүн элине карата жакшы каалоолорубузга  кошулат.

Орозо айында  дүйнө мусулмандары, анын ичинде ынтымактуу жана динамикалуу мусулман коомчулугу руханий жактан тазаланып жана тобо келтирүү аркылуу Жаратканга кайрылышат. Бул майрамда жакын адамдар менен чогу болуп, кедей-кембагалдарга соопчулук иш жасап, диндин касиети аркылуу кеменгерлик, сабырдуулук туурасында ой калчашат. Ошол эле учурда Орозо айттагы орозо тутуу, куран окуу биздин дөөлөттөрүбүздүн жана адамкерчилик сапаттарыбыздын жалпылыгын эске салып турат.

Ушул жыл Сизге кубаныч, гүлдөп өнүгүү жана бакубатчылык алып келсин.

Сизди терең урматтоо менен,

Америка Кошмо Штаттарынын Президенти

Барак Обама”.

2015-жыл 16-июль