Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Ядролук материалды физикалык коргоо жөнүндө конвенцияга кошулуу тууралуу” Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Ядролук материалды физикалык коргоо жөнүндө конвенцияга кошулуу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 10-июнунда кабыл алынган.

Ушул Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер  министрлигине Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттикке (МАГАТЭ) жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы  тарабынан  аткарылганы жөнүндө кабарлоо милдети тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган  күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 16-июль