Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Алмазбек Атамбаев “2015-жылдын 26-январында  Бишкек шаарында кол коюлган  Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Токмок шаарында суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо”  жөнүндө Кредиттик макулдашууну жана Европа Бирлигинин каражаттарынан Борбордук Азия үчүн ЕС Инвестициялык фонду жана ЕБРРдин уюштуруучуларынын Атайын фонду аркылуу каржылануучу “Токмок шаарында суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо” долбоору үчүн Кыргыз Республикасынын, Токмок шаарынын мэриясынын, “Токмок суу канал” муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 17-июнунда кабыл алынган.

Ушул Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын финансы  министрлигине жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы  тарабынан  аткарылганы жөнүндө Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына белгиленген тартипте кабарлоо милдети тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган  күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 16-июль