Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Борбордук шайлоо комиссиянын төрагасы Туйгунаалы Абдраимовду кабыл алды

Бүгүн, 2015-жылдын 16-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын төрагасы Туйгунаалы Абдраимовду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына өлкөнүн шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында маалымат берилди.

Туйгунаалы Абдраимов алдыда келе жаткан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоолорго даярдыктын жүрүшү, жарандардын биометрикалык маалыматтарын жыйноо, добуштарды электрондук эсептөө ыкмаларын киргизүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер  жана шайлоочулардын тизмесин сапаттуу түзүүнү камсыз кылуу, добуштарды эсептөөнү ачык-айкын жүргүзүү боюнча БШК тарабынан көрүлүп жаткан чаралар туурасында айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев алдыдагы ачык жана калыс өтүүгө тийиш болгон парламенттик шайлоолорго мыкты даярдык көрүүнүн өзгөчө маанисин баса белгиледи.

2015-жыл 16-июль