Бүгүн, 2015-жылдын 10-июлунда, жамааттык коопсуздук Келишими Уюмунун Башкы катчысы Николай Бордюжа Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге агасы Калыйбек Шаршеновдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.
“Суук кабарга кабыргам кайышып, Сиз жана Сиздин үй бүлөңүз менен бирге кайгырып турам”, - деп айтылат ЖККУнын Башкы катчынын телеграммасында.