Бүгүн, 2015-жылдын 9-июлунда, Грузиянын Президенти Гиоргий Маргвелашвили Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге агасы Калыйбек Шаршеновдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.
“Бир туугандан айрылуу – орду толгус оор жоготуу. Жакын адамдарыбыздын жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Жалпы грузия элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана Сиздин үй-бүлөңүзгө ушул оор жана кайгылуу маалда чын дилимен көңүл айтам”, - деп белгиленет Грузиянын Президентинин телеграммасында.