Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев биометрикалык каттоодон өттү

Бүгүн, 2015-жылдын 7-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев биометрикалык каттоодон өттү.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын жарандарын эсепке алууга жана каттоого жаңы технологияларды киргизүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын  ишмердүүлүгүндөгү ачык-айрымдуулукту жогорулатууга, социалдык жеңилдиктерди жана кепилдиктерди бөлүштүрүүдө системалуу коррупцияны жоюуга, ошондой эле калыстыктын принциптерин, анын ичинде шайлоолорду өткөрүү процессинде калыстыкты сактоого өбөлгө болууга тийиш деп эсептейт.  

 
2015-жыл 7-июль