Бүгүн, 2015-жылдын 4-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Барак Обаманы Америка Кошмо Штаттарынын көз карандысыздыкка ээ болушунун 239 жылдыгы менен куттуктады.
Куттуктоо телеграммасында Мамлекет башчысы кыргыз-америкалык мамилелердин жогорку деңгээлин жана демократияны, коопсуздукту бекемдөө, экономиканы жана жарандык коомду өнүктүрүү чөйрөлөрүндө кызматташуунун жемиштүүлүгүн канааттануу менен белгиледи.
“Биздин мамлекеттер аралык достук, стратегиялык жана өз ара пайдалуу өнөктөштүк мамилелер мында ары да толук өз ара түшүнүшүү жана конструктивдүү кызматташуу багытында өнүгөрүнө ишенем”, - деп белгиленет телеграммада.
Президент Алмазбек Атамбаев АКШнын Президенти Барак Обамага бейпилдик жана мамлекеттик ишмердигинде мындан ары да ийгиликтерди, ал эми дос америка элине - мындан аркы өнүгүнү каалады.