Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосу

 Куттуктоонун тексти:

«Урматтуу медицина кызматкерлери!

Кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Медицина кызматкеринин күнү менен куттуктайм!

Эзелтен дарыгердин кесиби гумандуу кесиптердин бири болуп келген. Ал зор күч-кубатты, сабырдуулукту, терең билимди жана мээрмандыкты талап кылат. Адамдын өмүрүнөн жана ден-соолугунан кымбат эч нерсе жок. Сиздер адамдын баа жеткис өмүрүн жана ден-соолугун коргоп, сактап келесиздер. Албетте, мамлекеттин өнүгүүсү, экономикасынын өсүшү жана элдин турмушу, улуттун саламаттыгы, руханий жактан бакубаттуулугу саламаттык сактоо системасынын абалына, анын ишине жараша болот.

Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында саламаттык сактоонун негизги көйгөйлөрү жана аны өнүктүрүүнүн багыттары  так аныкталган. Өкмөт 2012-2016-жылдарга саламаттык сактоону реформалоонун “Ден-соолук” улуттук программасын бекиткен.

Өлкөбүздөгү саламаттык сактоо системасында чечүүнү талап кылган көйгөйлөр көп экендигин моюнга алыш керек. Медициналык жардам толук көлөмдө жана жетиштүү деңгээлде камсыз кылынбай жатат.

Бүгүнкү күндө оорулардын алдын алуу, кыйла жайылган коркунучтуу ооруларга каршы күрөшүү, башкарууну өркүндөтүү, көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапатын арттыруу жана жеткиликтүү кылуу боюнча сиздердин алдыңарга маанилүү милдеттер коюлган.

Бул көйгөйлөргө саламаттык сактоо кызматкерлери гана эмес, жалпы коомубуз көңүл бурууга  тийиш. Улуттун саламаттыгын сактоо – жалпыбыздын маанилүү милдетибиз.

Кесиптик майрам күнү саламаттык сактоонун ардагерлерине республикабыздын калкынын саламаттыгын сактоодо талыкпаган үзүрлүү эмгеги үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирем. Саламаттык сактоону өнүктүрүүгө кошкон салымыңыздар, ишке жоопкерчилигиңиздер, адамдарга жасаган боорукер жана сергек мамилеңиздер, дүйнөгө таанымал медиктердин жаңы муунун тарбиялап өстүргөнүңүздөр үчүн  чоң рахмат!

Ардактуу медицина кызматкерлери!

Адамдар оорудан жана илдеттен айыгууну гана эмес, сиздерден жылуу мамилени, мээрмандыкты жана сабырдуулукту да күтөт. Ошондуктан ар бир медик өз жоопкерчилигин сезе билип, берген антынан эч качан тайбаганы өзгөчө мааниге ээ.

Сиздерге чың ден-соолук, бакыт-таалай жана ишиңиздерге ийгилик каалайм. Кыргызстаныбыз тынчтыкта гүлдөп өнүгө берсин!

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти                              Алмазбек Атамбаев»

2015-жыл 3-июль