Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Европа союзунун Борбордук Азия боюнча Атайын өкүлү Петер Бурианды кабыл алды

Бүгүн, 2015-жылдын 2-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Европа союзунун Борбордук Азия боюнча Атайын өкүлү Петер Бурианды кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы мейманды жылуу кабыл алып, Европа союзунун Борбордук Азия боюнча Атайын өкүлү кызматына дайындалышы менен куттуктады. Президент Алмазбек Атамбаев бул мандатты Петер Буриан эки тараптуу жана регионалдык форматта дагы толугу менен  ишке ашырат деген  ишенимин билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар туурасында айтып келип, адам укуктары жана сөз эркиндиги, коррупцияга каршы күрөш, ачык жана калыс шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүү, ошондой эле сот реформасын ишке ашыруу жана диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясын ишке ашыруу боюнча көрүлүп жаткан чараларга токтолду.

Мамлекет башчысы ошондой эле Европа союзунун Атайын өкүлү менен Президент Алмазбек Атамбаевдин Европа союзунун өлкөлөрүнө жана институттарына жасаган сапарынын жүрүшүндө, ошондой эле европалык лидерлер менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады.

Европа союзунун Атайын өкүлү Петер Буриан Кыргызстан ачык жана калыс шайлоолорду өткөрүү боюнча  регион  үчүн үлгү көрсөткөндүгүн белгиледи. Европа союзу шайлоолорду уюштурууда мындан ары дагы Кыргызстанга көмөктөшө бермекчи. Европа союзунун Атайын өкүлү өлкөнүн демократиялык өнүгүшү үчүн Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан реформаларды улантуунун маанисин баса белгиледи.

Европа союзунун Атайын өкүлү Петер Буриан Президент Алмазбек Атамбаевге Европа союзунун Төрагасы Дональд Тусктан салам айтып, жакшы каалоолорун жеткирди.

Жолугушууга Европа союзунун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Чезаре Де Монтис дагы катышты.

2015-жыл 2-июль