Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Бейшенбай Жунусов Борбордук Азия региондук маалыматтык координациялык борбордун директору болуп дайындалды

Бейшенбай Жунусов Баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча Борбордук Азия региондук маалыматтык координациялык борбордун директору болуп дайындалды.

Президент Алмазбек Атамбаев Баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча Борбордук Азия региондук маалыматтык координациялык борбордун (ЦАРИКЦ) директору кызматына сунуштаган Бейшенбай Жунусовдун талапкерлиги Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикистан Республикасынын  жана Өзбекстан Республикасынын Президенттери тарабынан жактырылып бекитилди.

Бул кызматка дайындалганга чейин Бейшенбай Жунусов Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчысы жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тутумунда жетекчилик кызматтарды ээлеп келген.

Маалымдама:

Уюм Борбордук Азия мамлекеттеринин, ошондой эле Россия менен Азербайжандын баңгибизнеске каршы күрөшүү аракеттерин координациялайт.  Уюмдун катчылыгы Казакстан  Республикасынын  Алматы шаарында жайгашкан. ЦАРИКЦтин  түзүлүшүнүн негизги максаты ЦАРИКЦке катышуучу-мамлекеттердин компетентүү органдарынын транснационалдык баңги кылмыштарга каршы туруу аракеттерин координациялоо.

2015-жыл 2-июль