Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев авиакатастрофага байланыштуу Индонезиянын Президенти Джоко Видодого көңүл айтты

Бүгүн, 2015-жылдын 1-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев көптөгөн адамдардын курмандыгына алып келген «Hercules C-130» аскердик-транспорттук самолетунун кыйрашына байланыштуу Индонезия Республикасынын Президенти Джоко Видодого көңүл айтты.

Мамлекет башчысы каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен кайрат айткан сөздөрүн жолдоп, жабыр тарткандар тезирээк  сакайып кетишин кааларын билдирди.

2015-жыл 1-июль