Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Кунио Микураны кабыл алды

Бүгүн, 2015-жылдын 1-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бишкекте өтө турган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТМКК) бажы администрацияларынын жетекчилеринин кеңешинин 4-отурумуна катышуу үчүн келген Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Кунио Микураны кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Дүйнөлүк бажы уюмунун кызматташуусу, анын ичинде мамлекеттин бажы саясатынын укуктук негизин иштеп чыгуу жана бажы инфратүзүмүн мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле Президент Алмазбек Атамбаев менен ДБУнун Башкы катчысы Кунио Микура улуттук бажы тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргызстандын алдыдагы Евразиялык мейкиндиктеги  экономикалык интеграция процесстерине катышуусунун алкагында өз ара аракеттенишүүнүн келечегине да көңүл бөлүштү.

 
2015-жыл 1-июль