Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын салык кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосу

Куттуктоонун тексти:

«Урматтуу Кыргыз Республикасынын салык кызматынын кызматкерлери!

 Сиздерди кесиптик жана юбилейлик майрамыңыздар – Салык кызматкеринин күнү менен куттуктайм!

Бүгүн абдан маанилүү жана зарыл ишке – өлкөбүздү туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу ишине өмүрүн арнаган адамдардын кесиптик майрамын белгилейбиз. Сиздердин талыкпаган эмгегиңер менен мамлекет өзүнүн экономикалык жана социалдык милдеттерин аткарууда.

Кыргызстандын салык кызматы 25 жылдын ичинде салык төлөөчү менен мамлекеттин ортосундагы өнөктөш мамилелерди өнүктүрүү үчүн зор иштерди аткарды. Салык тескөөсүнүн процессинде кардар менен иштөөдө жакшы жылыштар болууда.

Бүгүнкү күндө салык отчётун берүүнү жана салык төлөөнү автоматташтырууда, маалыматтык системаларды жана жаңы технологияларды киргизүүдө жакшыийгиликтерге жетиштиңер.

Акыркы жылдары салык кызматы чогулткан жыйымдардын көлөмү эселеп өстү. Бул иштин жүрүшүн басаңдатпай, мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн азайышына жол бербей, ишти бардык багыттары боюнча өркүндөтүү абдан зарыл.

Ак ниет салык төлөөчүлөр үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү боюнча ишти жандандыруу зарыл. Мыйзамдуу бизнес жүргүзүү үчүн шарттарды түзүп, түрткү берүү жана салык маданиятын жогорулатуу боюнча ишти күчөтүү керек.

Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык бирлигине кирген шартта сиздер аткарып жаткан иштин натыйжалуулугу зор мааниге ээ.

Учурда көп иштер жасалгандыгын билем, бирок аткара турган иштер да көп. Жаңы шарттарда мамлекеттик казынага салыктардын түшүүсүн камсыз кылууда сиздер негизги ишти аткарасыңар. Сиздердин максат – бизнес тапкан бардык кирешелерден алынган  салыктарды мамлекеттик бюджетке толук жеткирүү.

Бул милдеттерди аткаруу талыкпаган эмгекти, жогорку кесипкөйлүктү жана чыгармачыл мамилени талап кылат. Бул өлкөнүн жарандарынын турмушун жакшыртууга багытталган экономикалык артыкчылыктарды ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

Сиздер өлкөнүн экономикалык климатын калыптандырууда жана жакшыртууда стратегиялык иш жүргүзөсүңөр. Сиздер бул милдетти ийгиликтүү аткарасыңар деп терең ишенем. Биз биргелешип Кыргызстанды ар бир адам билимине, жөндөмүнө жараша татыктуу жашаган, гүлдөп өнүккөн жана байгер өлкөгө айландырабыз.

Сиздерге чың ден-соолук, бакыт-таалай жана ишиңиздерге ийгилик каалайм!

 

 Кыргыз Республикасынын

 Президенти                                            Алмазбек Атамбаев»

 

2015-жыл 1-июль