Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын юристтерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 2015-жылдын 27-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын юристтерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу Кыргызстандын юристтери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Юристтердин күнү менен куттуктайм!

Сиздерге жооптуу милдет – жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жүктөлгөн. Кыргызстандагы демократиялык институттардын жана укуктук мамлекеттин калыптануусу жана бекемделиши, экономиканын жана социалдык чөйрөнүн туруктуу өнүгүүсү сиздердин эмгегиңиздерге жараша болот.

Кыргызстандын укуктук мамлекетти курууга, парламенттик демократияны бекемдөөгө жана мыйзамдын үстөмдүгүн орнотууга жигердүү багыт алуусу сиздерден үзүрлүү эмгектенүүнү, кесипкөйлүктү, принциптүүлүктү, объективдүүлүктү жана кынтыксыз ишти талап кылат.

Өлкөбүз үчүн актуалдуу милдеттерди чечүүдө  – коррупцияга каршы күрөшүүдө, укуктук нигилизмди жоюуда, мамлекетти өнүктүрүү үчүн сапаттуу мыйзамдарды иштеп чыгууда жана укукту колдонуунун жеткиликтүү практикасын камсыз кылууда сиздер аткарган иштин мааниси абдан зор.

Кыргызстандын юристтери милдеттерин так аткарып, дайыма жарандардын кызыкчылыгын көздөп, элибизге чын дилден кызмат өтөйт деп терең ишенем.

Сиздерге чың ден-соолук, бакты-таалай жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм.

Кыргыз Республикасынын

Президенти              Алмазбек Атамбаев” 

2015-жыл 27-июнь