Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев “Имам Ас-Садык ” мечитиндеги терактка байланыштуу Кувейт Мамлекетинин Эмири Сабах Аль Ахмад Аль Джабер Аль Сабахка көңүл айтты

Бүгүн, 2015-жылдын 27-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президент Алмазбек Атамбаев тынч жарандардын курмандыгына алып келген “Имам Ас-Садык” мечитинде  ишке ашырылган террористтик актка байланыштуу Кувейт Мамлекетинин  Эмири Сабах Аль Ахмад Аль Джабер Аль Сабахка көңүл айтты. 

“Кыргызстан терроризмди анын бардык көрүнүштөрүндө чечкиндүүлүк менен айыптайт жана эл аралык коомчулуктун бул коркунучка каршы күрөш жүргүзүү боюнча аракеттерин колдойт”,- деп айтылат Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев  каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын бардыгы тезирээк сакайып кетишин кааларын билдирди.

2015-жыл 27-июнь