Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент А. Атамбаев Конституцияга өзгөртүүлөрдү талкуулоонун мөөнөттөрү жетишсиз деп эсептеп, авторлорго мыйзам долбоорун кайта чакырып алуу өтүнүчү менен кайрылды

 

Президент А. Атамбаев Конституцияга депутаттар сунуш кылган өзгөртүүлөрдү талкуулоонун мөөнөттөрү жетишсиз деп эсептеп, авторлорго мыйзам долбоорун кайта чакырып алуу өтүнүчү менен кайрылды.

Мамлекет Башчысынын “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун парламентке киргизген Жогорку Кеңештин депутаттары Феликс Куловдун, Өмүрбек Текебаевдин жана Чыныбай Турсунбековдун атына жазылган катында мындай деп айтылат: “Мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча аткарылган зор иш үчүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн чыңдоого болгон умтулуу үчүн чын ниеттен ыраазычылык билдирүү менен, келе жаткан парламенттик шайлоонун алдында Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунушуңуздарды дагы бир жолу карап көрүүнү өтүнөм”.

Өлкө Президенти Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамынын айрым жоболорунун натыйжалуулугун талдоо боюнча депутаттар аткарган иш жогорку баага татыктуу экендигин белгилейт: “Сиздер киргизген мыйзам долбоорун алдын ала талкуулоо  анда камтылган сунуштардын көпчүлүгү эксперттик коомчулук жана Кыргызстандын шайлоочулары тарабынан олуттуу колдоо тапкандыгын көрсөттү. Өзгөчө мамлекеттик бийлик бутактарынын өз ара аракеттешүүсүнүн туруктуу системасын түзүү жолундагы жасалма тоскоолдуктарды алып салуу, элдин бийликке болгон ишенимин арттыруу, мыйзамдуулукту бекемдөө жана карапайым жарандардын укуктарын сактоо сунуштары колдоого алынууда”.

Ошол эле учурда, Президент А.Ш. Атамбаевдин пикиринде: “...мыйзам долбоорундагы айрым сунуштар коомдо курч талаш-тартыш жаратты. Мыйзам долбоорун алдын ала талкуулоо үчүн бөлүнгөн убакыт жетишсиз экендиги да анык болуп калды. Ошондуктан маселелердин өтө олуттуу экендигин эске алып, мыйзам долбоорун кайта чакырып алуу өтүнүчү менен сиздерге кайрылууну туура көрдүм.

Чогуу иштешкен акыркы беш жылда биз нечен жолу өлкө алдында турган проблемаларды чечүү боюнча кыйын, бирок, туура чечимдерди таап келгенбиз. Алдыда боло турган парламенттик шайлоолордун жүрүшүндө шайлоочулар менен бирге кырдаалды дагы терең талдап, азыр сунушталып жаткан оңдоолордун туура экендигине ынансак, бул демилгелерге Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешинде кайрылууга мүмкүндүк болоруна ишенем”.

2015-жыл 27-июнь