Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Аялдарга жана жашы жетпегендерге мунапыс жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 21-майында кабыл алынган.
Кабыл алынган Мыйзамга ылайык, эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазык жоопкерчилигинен жана жазадан, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазалардан төмөнкү аялдар бошотулат:
- үй-бүлөдө жападан жалгыз багуучу болуп саналгандар;
- бир же андан ашык жашы жетпеген балдары барлар;
- багуусунда ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү ата-энелери болгондор;
- 55жаштан ашкан аялдар;
- I жана II топтогу майыптыгы бар аялдар;
- кош бойлуу аялдар;
Ошондой эле Мыйзамда эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазык жоопкерчилигинен жана жазадан, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазалардан төмөнкү жашы жетпегендерди бошотуу каралат:
-I жана II топтогу майыптыгы барлар;
-7 жылга чейинки мөөнөткө биринчи жолу соттолгондор;
-ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата жазанын өтөлбөгөн бөлүгү бир жылдан азды түзгөндөр;
-чоң коркунуч келтирбеген жана анча оор эмес кылмыш жасагандар.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 6 айдын ичинде аткарылууга тийиш.