Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Евгений Примаковдун каза болгондугуна байланыштуу Россиянын Президенти Владимир Путинге көңүл айтты

Бүгүн, 2015-жылдын 26-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Советтер Союзунун, андан кийин Россия Федерациясынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Евгений Примаковдун каза болгондугуна байланыштуу Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге көңүл айтты

“Евгений Примаковдун акылмандыгы, сейрек учурачу жөндөмү жана жеке сапаттары  заманбап Россия мамлекетинин калыптанышына жана өнүгүшүнө зор милдет өтөгөн. Евгений Максимович ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда достукту жана кызматташууну, өз ара пайдалуу соода-экономикалык мамилелерди чыңдоого олуттуу салым кошкон. Биздин өлкөдө  Евгений Примаковду тажрыйбалуу жетекчи жана кыргыз элинин чыныгы досу катары эскеришет”, - деп белгиленет Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүнүн атынан маркумдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайраттуулукка чакырган сөздөрүн жолдоду.

 
2015-жыл 26-июнь