Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды

Бүгүн, 2015-жылдын 26-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөбүздүн Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына мамлекеттик чек араны коргоо жана кайтаруу, ошондой эле канатташ жайгашкан чек араларды бекемдөө боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында маалымат берилди.

Андан тышкары Раимберди Дүйшөнбиев эл аралык кызматташуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, анын ичинде Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мүчө-мамлекеттеринин Чек ара аскерлеринин башчыларынын Кеңешинин 73-отурумунун жыйынтыктары туурасында айтып берди. Бул отурумда  Афганистандагы  түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Борбордук Азия регионундагы өлкөлөрдүн тышкы чек араларында чек ара коопсуздугун чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бөлүнгөн.

2015-жыл 26-июнь