Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев: «Демократиялуу Кыргызстанда жашаган жаңы муун мамлекетибизди гүлдөтүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт деп ишенем»

Бүгүн, 2015-жылдын 25-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында  жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган республикабыздын орто мектептеринин эң алдыңкы бүтүрүүчүлөрүнө “алтын” сертификаттарды тапшырды.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы бүтүрүүчүлөрдү мектепти ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, окууга жакшы мамиле жасагандыгы, ак эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди. “Мыкты абитуриенттерди урматтоо жакшы салтка айланып баратат. Мына бүгүн  сиздердин алдыңыздарда көп мүмкүнчүлүктөр ачылды. ЖРТ артыкчылык сертификаты өлкөбүздүн мамлекеттик жогорку окуу жайына конкурсу жок  өтүүгө, акысыз билим алууга, каалаган кесипти тандоого  жол ачат. Кайсы кесипти тандап алам десеңер – өз эркиңер. Эгерде  аракет кылып, эмгектенип, талыкпай умтулсаңар  анын ар бири ийгиликке алып келиши мүмкүн”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы алдыңкы бүтүрүүчүлөрдү тарбиялап, алардын билимге умтулуусун колдогон мектептердин педагогикалык жамааттарына, ата-энелерге ыраазычылык билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев жакынкы жылдары Кыргызстанда  агрардык өнөр жай, энергетика, туризм жана курулуш тармактарында адистер абдан көп талап кылынаарын белгиледи.

Мамлекет башчысы өнөр жай өндүрүшүнүн басаңдашына байланыштуу совет доорундагы техникалык кызматкерлер кесибин алмаштырышты же пенсияга кетишти, ал эми жаштар модага айланган экономисттердин, юристтердин, финансисттердин кесибин тандап алууга умтулушканын белгиледи. ”Бирок мен жакынкы аралыкта Кыргызстанда  ири масштабдуу долбоорлор ишке ашырыла баштайт деп ишенем. Өлкөбүз траспорттук хабка айланып баратат”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүнкү бүтүрүүчүлөр – өлкөнүн келечеги, алар жаңы коом түзүп, мамлекет менен коомдун ортосунда  жаңы мамилелерди калыптандырууга тийиш экендигин белгиледи. “Силер демократиялык мамлекетте жашаган  жаңы муунсуңар. Ар бириңер өз жериңерге, өлкөңөргө чындап күйүп, аны гүлдөтүп өнүктүрүүгө бардык күч-аракетиңерди жумшайсыңар деп ойлойм”, - деп Алмазбек Атамбаев белгилеп, мамлекет  азыркы бийик деңгээлди сактоо менен, бюджеттен тиешелүү көлөмдө каражат бөлүп тураарын кошумчалады.

Мамлекет башчысы кыргыздар эзелтен билим берүүгө өзгөчө көңүл бөлгөндүгү көптөгөн макалдардан, ылакаптардан көрүнүп тургандыгын белгиледи. “Бүгүнкү күндө үлгү ала турган инсандар көп. «Apple» компаниясынын негиздөөчүсү Стив Джобстун сөздөрүн келтирейин: “Ийгиликке жетишкендерди башкалардан өзгөчөлөп турган бул – тырышчаактык”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев жалкоолор жана эрки бош адамдар сыноолордон коркот, ар дайым шылтоо издеп, өзүнүн жолу болбогондугуна башкаларды айыпташаарын билдирди. “Ошондуктан силер турмушта кайраттуу, тырышчаак жана эрктүү болууга тийишсиңер”, - деди Президент.

Сөзүнүн соңунда Мамлекет башчысы бүтүрүүчүлөргө  чың ден-соолук, бакыт-таалай каалап, туруктуу жана максатынан тайбас болууга чакырды.

Андан соң Президент Алмазбек Атамбаев  өлкөбүздүн  эң алдыңкы 54 бүтүрүүчүсүнө “алтын” сертификаттарды тапшырды. Мамлекет башчысынын колунан алдыңкы бүтүрүүчүлөр баалуу белектерди – планшет жана  10 000 сом өлчөмүндөгү бир жолку стипендия алышты.

Ошону менен бирге Мамлекет башчысынын демилгеси менен республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку балл алган региондордогу мектептердин 16 бүтүрүүчүсүнө дагы баалуу белектер жана акчалай каражаттар тапшырылды.

 

 

2015-жыл 25-июнь