Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Эмиль Аксамаев Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясынын кызматынан өз каалоосу боюнча бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыктын негизинде, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Консутитуциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, төмөндөгүдөй токтом кылынат:

Аксамаев Эмиль Маликович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан жана Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын аткаруудан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

2015-жыл 26-июнь