Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Мамлекеттик тил жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 20-майында кабыл алынган.

Мыйзам “Мамлекеттик тил жөнүндө” Мыйзамдын айрым ченемдерин жакшыртууга багытталган. Ушул максаттарда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөр, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардарынын башка кызмат адамдары үчүн мамлекеттик тилди билүү талаптары белгилениши мүмкүн деген толуктоо киргизилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 25-июнь