Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев бир катар чет элдик Элчилерден Ишеним грамоталарын кабыл алды

Бүгүн, 2015-жылдын 24-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Улуу Британиянын, Казакстан Республикасынын, Корея Республикасынын, Малайзиянын жана Вьетнамдын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилеринен  Ишеним грамоталарын кабыл алды.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы дипломатиялык миссиялардын башчыларын өз өлкөлөрүнүн Элчилери катары  Кыргызстандагы  ишмердигинин расмий башталышы менен куттуктады. Кыргызстан бардык  өлкөлөр менен өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары активдештирүүгө кызыкдар экендигин белгиледи. “Биз сиздердин мамлекеттер менен  достук мамилелерди жогору баалайбыз жана сиздердин конкреттүү ишиңиздердин  жыйынтыктары өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелерди ырааттуу түрдө өнүктүрүүгө көмөктөшөт деп үмүттөнөбүз”, - деп баса белгиледи Президент.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан Евразиялык экономикалык бирликке толук  кандуу мүчөсү катары кошулуусу үстүбүздөгү жылдагы эң маанилүү  окуясы болгондугун эскертти. “Бул боюнча  сиздердин өлкөлөр менен эки тараптуу соода-экономикалык байланыштарды активдештирүүгө өзгөчө ишеним артам”, - деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Улуу Британия менен кызматташуу тууралуу айтып келип, Президент  Кыргызстан  Улуу Британия менен достук мамилелерди чыңдоого олуттуу маани берип, өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташууну активдештирүүгө кызыкдар экендигин баса белгиледи. Президент Алмазбек Атамбаев үстүбүздөгү жылдын 22-майында Кыргызстандын Улуу Британиядагы Элчисин дайындоо жөнүндө Жарлыкка кол койгондугун эске салды. Мамлекет башчысы  Кыргызстандын жана Улуу Британиянын Элчилеринин өз ара жемиштүү ишинен, айрыкча  көптөн бери күн тартибинде турган өз ара укуктук жардам берүү маселелери боюнча  жакшы жыйынтыктар болот деген ишенимин билдирди. “Кыргызстан эли  бул маселе тездетилип, калыс чечилет деп күтүп жатат”, - деп баса белгиледи Президент.

Казакстандын Элчисине кайрылып, Мамлекет башчысы  Кыргызстандын Казакстан менен союздаштык мамилелери жана  стратегиялык өнөктөштүгү жаңы деңгээлге көтөрүлүп жаткандыгын белгиледи. “Өлкөлөрүбүз үчүн Евразиялык экономикалык бирликтин алкагында жаңы мүмкүнчүлүктөр жана перспективалар ачылып жатат”, - деп билдирди Алмазбек Атамбаев. Президент  ЕАЭБ мүчө-мамлекеттери сыяктуу эле Казакстан Кыргызстандын Евразиялык экономикалык бирликке кошулуусу жөнүндө макулдашууну ушул айдын аягында ратификациялайт деген ишенимин билдирди. Мамлекет башчысы ошондой эле  Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевге кыргыз-казакстандык мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы жана Кыргызстанга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Кыргызстан Корея Республикасы менен узак мөөнөттүү өнөктөштүк мамилелерди баалайт, деп белгиледи. “Корея Республикасына расмий сапарымдын жүрүшүндө мени тосуп алган меймандостук, жылуу мамиле  күнү бүгүнкүгө чейин эсимен кете элек”, - деп билдирди Алмазбек Атамбаев. Мамлекет башчысы Корея  Кыргызстанга көп багыттар боюнча колдоо көрсөтүп жаткандыгын баса белгилеп, Кыргызстанда алдыдагы парламенттик шайлоолорго даярдык көрүү жана өткөрүү үчүн Корея тарабынан  бөлүнгөн грант үчүн ыраазычылык билдирди. “Биз Президент Пак Кын Хени Кыргызстанга расмий сапар менен келишин чыдамсыздык менен күтүп жатабыз”, - деп кошумчалады Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы  Малайзиянын Кыргызстандагы жаңы Элчисинин активдүү көмөктөшүүсү аркасында кыргыз-малайзиялык мамилелерге жаңы дем берилет деген ишенимин билдирди.

Вьетнамдын Элчисине кайрылып, Президент  Кыргызстандын Вьетнам менен кызматташуусу, айрыкча Вьетнам Евразиялык экономикалык бирлик менен  Эркин соода аймагы жөнүндө Макулдашууга кол койгондон кийин, келечеги кең экендигин белгиледи. Мамлекет башчысы  Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосунда бардык багыттар боюнча өз ара пайдалуу кызматташуу активдештирилээрине ишенимин билдирди.

Салтанаттуу аземдин соңунда Президент  Улуу Британиянын, Казакстандын, Кореянын, Малайзиянын жана Вьетнамдын Элчилерине жемиштүү жана натыйжалуу ишмердик каалап,  Кыргызстан менен алар өкүл болгон өлкөлөрдүн ортосунда эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүдө жана чыңдоодо дипломатиялык миссиялардын башчыларынын ишмердигинин маанисин белгилеп өттү. “Сиздердин алдыңыздарда – олуттуу жана жооптуу иштер күтөт. Кээде бул же тигил өлкө менен мамиленин деңгээли бир Элчинин ишине жараша болот. Биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өз ара аракеттенишүү жаңы деңгээлге көтөрүлөт деп күтөм. Кыргызстан бардык өлкөлөр менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар өлкө”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы Элчилер өз ишмердигин жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана башка мамлекеттик органдардын колдоосуна ээ болоорун баса белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев дипломатиялык миссиялардын башчыларына бакыт-таалай жана иштерине ийгиликтерди каалады.

Маалымдама:

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге төмөнкү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчыларынан  Ишеним грамоталары тапшырылды:

  1. Улуу Британиянын  Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси (резиденциясы  Бишкек шаарында) Робин Орд-Смит;
  2. Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси(резиденциясы  Бишкек шаарында)  Айымдос Бозжигитов;
  3. Корея  Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси (резиденциясы  Бишкек шаарында) Джонг Бенг Ху;
  4. Малайзиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси (резиденциясы Ташкент шаарында)  Норъайни бинти Абдул Хамид;
  5. Вьетнамдын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси (резиденциясы Ташкент шаарында)  Фам Ван Фао.
 
2015-жыл 24-июнь