Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алды

Бүгүн, 2015-жылдын 23-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык  ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алды.

 Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына “Жерүй” кен казнасын пайдалануу укугу үчүн  конкурстун жеңүүчү-компаниясы республикалык бюджетке обьекттин наркынын 100 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү толук көлөмүн төлөп бергендиги тууралуу маалымдады. Дүйшөнбек Зилалиевдин маалыматы боюнча  учурда ал каражаттарды бөлүштүрүү жана пайдалануу маселелери чечилип жатат.

Геология жана минералдык  ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору  ошондой эле инвестордун мындан аркы пландарына, анын ичинде “Жерүй” кен казнасын иштетүүнүн техникалык долбоорун  макулдашуу жана социалдык пакетти ишке ашыруу боюнча пландарына токтолду.

Президент Алмазбек Атамбаев келип түшкөн каражаттарды биринчи кезекте жергиликтүү  калктын жана Кыргызстан элинин кызыкчылыктарында натыйжалуу пайдалануунун маанисин баса белгилеп, Геология жана минералдык  ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикке  өлкөнүн экономикасынын кызыкчылыктарында инвестор менен кызматташуу маселелерин өтө дыкаттык менен  иштеп чыгуу милдетин тапшырды.

 
2015-жыл 23-июнь