Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 20-майында кабыл алынган.
Мыйзам менен Мамлекеттик айыл чарба жерлер фондунан үрөнчүлүк, асыл тукум, эксперименттик чарбаларды, илимий-изилдөө, тажрыйба-селекциялык, сорт сыноо иштерин жүргүзүү жана айыл чарба кооперативдери үчүн айыл чарба жерлерин 20 жылга чейинки мөөнөткө берүү каралган.
Мыйзам Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.