Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 20-майында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерин жерлердин башка түрлөрүнө которуу тартибин тактоо. Мыйзамга ылайык Жер кодексинин 74-статьясына “Өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерин жерлердин башка түрлөрүнө которуу (трансформациялоо) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жүзөгө ашырылат” деген толуктоо киргизилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 22-июнь