Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту

Бүгүн, 2015-жылдын 19-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Санкт-Петербург шаарында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки Мамлекеттин башчылары кыргыз-россиялык кызматташуунун соода-экономикалык, инвестициялык жана отун-энергетикалык тармактардагы актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушууну ачып жатып Президент Владимир Путин  Кыргызстан  Россиянын Борбордук Азиядагы  маанилүү өнөктөшү жана союздашы экендигин белгиледи. “Биздин саясый  мамилелерибиз жана интеграциялык процесстер гана өнүкпөстөн, Россия  Кыргызстандын соода-экономикалык негизги өнөктөшү болуп калууда”, - деди ал.

Президент Алмазбек Атамбаев өз кезегинде Россия Кыргызстандын маанилүү стратегиялык өнөктөшү болуп саналаарын белгиледи. “Кыргызстан менен Россиянын ортосунда мамилелер кайра калыбына келтирилип, активдештирилип, бекемделип жаткан акыркы жылдардагы тенденция мындан ары улам күчөтүлө берет”, - деп белгиледи ал.

Президент Алмазбек Атамбаев ошондой эле Владимир Путинди Петербургдагы эл аралык экономикалык форумду ийгиликтүү өткөргөндүгү менен куттуктады.

Президент Алмазбек Атамбаев  менен Россиянын Президенти Владимир Путин  ошондой эле  биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшүн карап,  Евразиялык экономикалык бирликтин алкагында эки тараптуу өз ара аракеттенишүүнүн аспектилери туурасында пикир алмашышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө  Мамлекет башчылары  Кыргызстандын территориясында ишке ашырылып жаткан биргелешкен долбоорлордун жана макулдашуулардын аткарылышынын жүрүшүн терең талдап, алардын өз мөөнөтүндө ишке ашырылышынын маанисин белгилешти.

Россия тараптан жолугушууга Россия Федерациясынын Тышкы иштер министри Сергей Лавров, Россия Федерациясынын Энергетика министри Александр Новак, Россия Федерациясынын Финансы министри Антон Силуанов, Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельянинов, Россия Федерациясынын Федералдык миграциялык кызматынын жетекчиси Константин Ромодановский жана ”Газпром” ААК башкармасынын төрагасы  Алексей Миллер катышышты.

 

2015-жыл 19-июнь