Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын кезектеги отуруму өткөрүлдү

Бүгүн, 2015-жылдын 19-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын кезектеги отуруму өткөрүлдү.

Отурумдун жүрүшүндө Комиссиянын 2014-жылдагы иштеринин жыйынтыгы чыгарылып, Кыргызстан элинин маданий жана тарыхый мурастарын сактап калуу жана улуттук тарыхый илимдерди мындан ары өнүктүрүүгө багытталган келерки жылдагы аткарылчу  негизги иштер талкууланды.

Комиссиянын мүчөсү, “Мурас” Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий фондунун төрагасы Тынчтыкбек Чороев кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөө, анын ичинде Кыргыз каганаты маселелери боюнча өткөрүлүп жаткан түрдүү илимий-практикалык конференциялар жөнүндө баяндап берди.

Ошондой эле отурумдун катышуучулары Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган, Президент Алмазбек Атамбаевдин 1916-жылдагы каргашалуу окуялардын 100 жылдыгы жөнүндө тиешелүү Жарлыгын аткаруу алкагында иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө пландарды дагы талкуулашты.

Комиссиянын мүчөлөрү, мамлекеттик архивдеги документтерди электрондук жана санариптик форматка өткөрүү иштеринин, ошондой эле башка мамлекеттердин архивдери менен кызматташуунун маанисин белгилешти.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев Комиссия мүчөлөрү масштабдуу иш аткарды деп белгиледи.

“Бирок алдыда абдан маанилүү маселелер турат. Биз комплекстүү иштерди улантып, мындан да бийик максаттарды коюушубуз керек. Анткени, элибиздин калыптанышынын маанилүү этаптары жөнүндө бирдиктүү көз карашты калыптандыруу маселелери жана заманбап китептерди  басып чыгаруу – бул бүгүнкү күндүн талабы”, - деди Данияр Нарымбаев.

Отурумга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын мүчөлөрү, анын ичинде комиссиянын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илимдер министри Эльвира Сариева катышышты.

Маалымдама: Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссия “Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 27-январындагы № 18 Жарлыгын ишке ашыруу максатында “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссияны уюштуруу жана Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" Фондун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 94 Жарлыгы менен түзүлгөн.

2015-жыл 19-июнь