Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев милдеттүү түрдө каттоодон өтпөстөн 30 күн бою бир мамлекеттин жарандарынын экинчи мамлекеттин территориясында болуу тартиби жөнүндө кыргыз-россиялык макулдашууга кол коюу аземине катышты

Бүгүн,  2015-жылдын 19-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Петербургдагы эл аралык экономикалык форумга катышуу алкагында Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясынын территориясында жана Россия Федерациясынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын территориясында болуу тартиби жөнүндө Макулдашууга кол коюу аземине катышты.

Мамлекет башчысынын катышуусунда Макулдашууга  Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Болот Жунусов менен Россия Федерациясынын Федералдык миграциялык кызматынын башчысы Константин Ромодановский кол коюшту.

Ошону менен бирге Мамлекет башчысы Константин Ромодановский менен Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясынын территориясында болуусуна  тиешелүү бир катар маселелерди талкуулады. Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык бирликке кошулуусун эске алуу менен, Россия Федерациясынын Федералдык миграциялык кызматы тарабынан үч жылга кирүүгө тыюу салынган Кыргыз Республикасынын жарандарына, эгерде ушул мөөнөттүн кеминде теңи өтсө, Россияга кирүүгө руксат берүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Ошол эле учурда Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамын бузган Кыргыз Республикасынын жарандарына  2015-жылдын 10-июлунан тартып 2015-жылдын 1-ноябрына чейинки мезгилде эч кандай санкция колдонбостон Россия Федерациясынын территориясынан эркин чыгып кетүүгө жана  тоскоолдуксуз кайра кирүүгө уруксат берүү тууралуу чечим кабыл алынды.

2015-жыл 19-июнь