Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Петербургдагы XIX эл аралык экономикалык форумга катышып жатат

Бүгүн, 2015-жылдын 19-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясына жасаган иш сапарынын алкагында Петербургдагы XIX эл аралык экономикалык форумдун  пленардык жыйынына катышып жатат.

Форумда  Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин чыгып сүйлөдү. Өз сөзүндө ал Россияга кызыгуу жана ишеним көрсөткөндүгү үчүн форумдун катышуучуларына ыраазычылык билдирип, Петербургдагы эл аралык экономикалык форум ачык жана ишенимдүү диалог үчүн аянтча экендигин белгилеп өттү.

Петербургдагы XIX эл аралык экономикалык форумдун ишине мамлекет, өкмөт башчылары, ири компаниялардын, эл аралык уюмдардын жетекчилери, ошондой эле белгилүү экономисттер жана окумуштуулар катышууда.

Маалымат үчүн: Петербургдагы экономикалык форум – Россиянын, өнүгүп жаткан рыноктордун жана жалпысынан дүйнөнүн алдында турган түйүндүү  экономикалык маселелерди аныктап, талкуулоо максатында жаңы экономикалык державалардын лидерлери жолугушчу аянтча.

 
2015-жыл 19-июнь