Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды

  

Бүгүн, 2015-жылдын 18-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына болуп өткөн өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча, тактап айтканда Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас жана Чүй облустарында, ошондой эле Бишкек шаарында ведомствонун жүргүзүп жаткан иштери туурасында маалымат берди.

Президент Алмазбек Атамбаев өзгөчө кырдаалдар министрине республика боюнча болуп өткөн өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча ишти, ошондой эле калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүн жеке өзү көзөмөлгө алып, адамдардын өмүрүн  коргоону жана  коопсуздугун камсыз кылууну, авариялык-куткаруу кызматтарынын ишенимдүү иштешине жетишүүгө бардык чараларды көрүүгө  милдеттендирди.

Мамлекет башчысы министр Кубатбек Боронов менен  ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кыр-Жол айылындагы жер көчкүнүн кесепетинен  үйлөрү талкаланып калган жарандарды турак-жай менен камсыз кылуу маселелерин  дагы талкуулады.

Президент Алмазбек Атамбаев  Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кыр-Жол айылынын жер көчкүнүн кесепетинен  үйлөрү талкаланып калган жашоочулары суук түшкүчө жаңы үйлөр менен камсыз болууга тийиш экендигин баса белгиледи.

 

2015-жыл 18-июнь