Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Сулейман Демирелдин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты

 Бүгүн, 2015-жылдын 17-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Түркия Республикасынын 9чу Президенти Сулейман Демирелдин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Түркия Республикасынын  Президенти Режеп Тайип Эрдоганга  көңүл айтты.

“Түркия жана жалпы түрк дүйнөсү легендарлуу лидерден, көрүнүктүү саясатчыдан жана мамлекеттик ишмерден айрылды”, - деп белгиленет телеграммада.

 Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн  атынан  маркумдун үй-бүлөсүнө, бир тууган жана боордош Түркиянын жалпы элине терең кайгыруу менен көңүл айтты.  

2015-жыл 17-июнь