Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Петербургдагы эл аралык экономикалык форумдун ишине катышат

2015-жылдын 18-20-июндарында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарына   иш сапар менен каттап, анын алкагында Петербургдагы эл аралык экономикалык форумдун ишине катышат.

Иш сапардын алкагында Президент Алмазбек Атамбаевдин Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуусу  пландаштырылууда.

2015-жыл 17-июнь