Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Эл аралык олимпиадалык комитеттин президенти Томас Бахты жана Улуттук олимпиадалык комитеттер ассоциациясынын жана Азиянын олимпиадалык кеңешинин президенти шейх Ахмад Аль-Сабахты кабыл алды

Бүгүн, 2015-жылдын 16-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Эл аралык олимпиадалык комитеттин президенти Томас Бахты жана Улуттук олимпиадалык комитеттер ассоциациясынын жана Азиянын олимпиадалык кеңешинин президенти шейх Ахмад Аль-Сабахты кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда   спорттун олимпиадалык түрлөрүн өнүктүрүү маселелери,  Улуттук  олимпиада комитети менен Эл аралык олимпиада комитетинин, ошондой эле Улуттук олимпиадалык комитеттер ассоциациясынын ортосундагы мындан аркы  кызматташуусунун  приоритеттери талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев  улуттун ден-соолугун чыңдоодогу жана дени сак муунду тарбиялоодогу спорттун маанисин баса белгиледи. “Кыргызстанда айрыкча жаштар арасында спортко кызыгуу өсүп баратканы, спорттун массалык түрлөрү кеңири жайылтылып жатканы кубандырат. Бул мамлекетке жана коомго абдан маанилүү жана керектүү”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы Кыргызстанда спортту өнүктүрүүгө, кыргызстандык спортчулардын жана машыктыруучулардын курамынын чеберчилигин өстүрүүгө, спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө ар дайым колдоо жана көмөк көрсөткөндүгү үчүн Томас Бахка жана Ахмад Аль-Сабахка  ыраазычылык билдирди.

Эл аралык олимпиадалык комитеттин президенти Томас Бах Президент Алмазбек Атамбаевге Эл аралык олимпиадалык комитеттин Пьер Де Кубертен атындагы медалын тапшырды.

2015-жыл 16-июнь