Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстан менен АӨБнүн ортосундагы “Секторду өнүктүрүү программасы: билим берүү тутумун чыңдоо” Гранттык макулдашуу ратификацияланды

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2015-жылдын 23-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы №0407-KGZ (SF) Секторду өнүктүрүү программасын жана №0408- KGZ (SF) Секторду өнүктүрүү долбоорун камтыган “Секторду өнүктүрүү программасы: билим берүү тутумун чыңдоо” Гранттык макулдашуусун ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине  белгиленген тартипте Азия өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон  мамлекеттик  ички жол-жоболор кыргыз тараптан аткарылганы жөнүндө кабарлоо тапшырмасы берилди. 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 16-июнь