Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кувейт Эмиринин Администрация Жетекчиси Шейх Насер Сабах аль Ахмед аль-Джабер Аль Сабахты кабыл алды

Бүгүн, 2015-жылдын 17-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кувейт Мамлекетинин Эмиринин Администрация Жетекчиси Шейх Насер Сабах аль Ахмед аль-Джабер Аль Сабахты кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Кувейттин ортосунда  инвестиция, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана туризм тармактарында кызматташуу маселелери,  ошондой эле регионалдык жана эл аралык маселелердин түйүндүү аспектилери талкууланды.

Мамлекет башчысы  Кыргызстан кыргыз-кувейттик мамилелерди түрдүү багыттар  боюнча мындан ары ар тараптуу кеңейтүүгө даяр экендигин белгилеп,  өлкөлөр ортосундагы бардык деңгээлдеги байланыштарды активдештирүүгө, анын ичинде Кувейттин Эмиринин Администрация Жетекчисинин сапарына дагы зор маани берээрин белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Шейх Насер Сабах аль Ахмед аль-Джабер Аль Сабах өз ара кызыкчылык туудурган түрдүү тармактарда конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Шейх Насер Сабах аль Ахмед аль-Джабер Аль Сабах Президент Алмазбек Атамбаевке  Кувейттин Эмири Шейх Сабах Аль Ахмад Аль Джабер Аль Сабахтын саламын  жана жакшы каалоолорун жеткирди.

 
2015-жыл 17-июнь