Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Социалдык фонддун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиевди кабыл алды

 Бүгүн,  2015-жылдын 16-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Социалдык фонддун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиевди кабыл алды.

 Жолугушууда мамлекет Башчысы өлкөнүн Социалдык фондунун ишмердиги, пенсия менен камсыз кылуунун абалы, ошондой эле пенсияларды финансылоо жана администрациялоо маселелери тууралуу кеңири маалымат алды.

 Мухамметкалый Абулгазиев Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоону өнүктүрүү концепциясынын алкагында ишти мындан ары жакшыртуу боюнча пландар жана пенсиялык камсыздоо системасын реформалоонун негизги артыкчылыктары жөнүндө да айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев жана Социалдык фонддун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиев быйыл 1-сентябрда боло турган пенсиялардын көлөмүн жогорулатуунун механизмдерине токтолушту.

 Мамлекет Башчысы пенсиялык камсыздоо системасын реформалоо аны жарандарга карата адилеттүү кылып, алардын чыгымдарына тете пенсиялар менен камсыз кыла ала тургандай жүргүзүлүшү зарылдыгын белгиледи.

 
2015-жыл 16-июнь