Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Ноокат аймактык ооруканасында болду

Бүгүн, 2015-жылдын 15-июнунда, Ош областына болгон иш сапарынын алкагында Президент Алмазбек Атамбаев Ноокат шаарындагы Ноокат аймактык ооруканасында болду.

Мамлекет Башчы оруканадагы пациенттер үчүн түзүлгөн шарттар, медициналык жабдуулардын абалы, мекеменин инфраструктурасы менен таанышты.

Президент Алмазбек Атамбаев ошондой эле ооруканада дарыланып жатышкандар жана анда иштеген медициналык кызматкерлер менен баарлашты.

Андан соң мамлекет Башчысы Ноокат аймактык ооруканасынын инфекциялык бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушу менен таанышты.

 
2015-жыл 15-июнь