Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын машыгуусун көрдү

Бүгүн, 2015-жылдын 15-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго барып, 2018-жылдагы Дүйнө чемпионатынын тандап алуу этабынын алкагында Австралиянын курама командасы менен беттешүүгө даярданып жаткан Кыргызстандын футбол боюнча  курама командасынын машыгуусун көрдү.

Мамлекет Башчысы футболчулар менен баарлашып, эртеңки маанилүү оюнда ийгиликтерди каалады. “Татыктуу оюн көрсөткүлө. Силер үчүн бүт өлкөбүз күйөрман болот. Биз силерге ишенебиз, силердин жеңишиңерге ишенебиз”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев ошондой эле футболчуларга Кыргызстанда спортту өнүктүрүү жана кеңири жайылтуу боюнча жасалып жаткан иштер жөнүндө айтып берип, ири шаарларда, облустук жана райондук борборлордо физкультура-ден соолукту чыңдоо  комплекстерин куруу пландарына токтолду.

 
2015-жыл 15-июнь