Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Ош шаарында аскерлер үчүн курулган үйлөрдү ачуу аземине катышты

Бүгүн, 2015-жылдын 15-июнунда, Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Ош гарнизонунда жайгашкан аскерлер үчүн курулган көп кабаттуу эки үйдү ачуу аземине катышты.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы көз карандысыз жылдары Кыргызстандын аскерлерине тийиштүү көңүл бурулбаганын билдирди. “Өкүнүчтүүсү, кээ бир жетекчилер мамлекетибизге армиянын кереги жок деп да айтып жүрүшкөн, бирок, ал күндөр артта калды. Сиздерге маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын Президенти катары кызматка киришкенден баштап, Туруктуу өнүгүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагында биздин армияны колдоо жана чыңдоо иштери жүргүзүлүүдө”, - деди Президент Алмазбек Атамбаев.

Ошондой эле Мамлекет башчысы, былтыр чек арачыларга, ӨКМнүн жана Куралдуу күчтөрдүн аскерлерине жаңы батирлердин ачкычтары берилгенин эске салып, укук коргоо органдарын жана аскерлерди техника, аскердик кийим-кече, татыктуу айлык маяна, турак-жай менен камсыз кылуу боюнча иштер улана берерин белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев Москва шаарында Кызыл аянтта өткөн Жеңиш Парадына катышкан жана биргелешкен эл аралык машыгууларда мыкты жыйынтыктарга жетишкен мамлекетибиздин аскерлери менен сыймыктанаарын айтты.

Жыйынтыгында Мамлекет башчысы аскерлерге жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырып, аларды жаңы конушу менен куттуктап, бакыт-таалай, тынччылык, ынтымак жана жооптуу ишинде ийгилик каалады.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев балдар аянтчасын куруу үчүн 500 000 сомдук сертификат тапшырды.

 
2015-жыл 15-июнь