Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Президент Владимир Путинди Россиянын күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2015-жылдын 12-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге мамлекеттик майрам – Россиянын күнүнө  карата куттуктоо жөнөттү.

Куттуктоо телеграммасында мындай деп айтылат:

“Урматтуу Владимир Владимирович,

Достук мамиледеги Россиянын элин жана Сизди мамлекеттик майрам – Россиянын күнү менен чын дилимден куттуктайм.

Россиянын көз карандысыздыгы жөнүндө декларацияны кабыл алуу менен  мамлекет өнүгүүгө жаңы багыт алды, бул жагдай кыргыз-россиялык эки тараптуу мамилелерди өз ара пайдалуу өнүктүрүүгө жагымдуу таасир  тийгизди.

Бүгүнкү күндө бул майрам  патриоттук белгиге ээ болуп, Россия элинин улуттук биримдигинин символуна  айланууда.

Ушул жаркын майрам күнү, урматтуу Владимир Владимирович, алдыда койгон максаттарга жетүүдө ийгиликтерди, ал эми Россиянын жалпы элине – бакыт-таалай, бакубат жашоо жана гүлдөп өнүгүү каалайм.

Урматтоо менен,

Алмазбек Атамбаев”

2015-жыл 12-июнь