Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев менен БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мун басма сөз кызматкерлери үчүн билдирүү жасашты

Бүгүн, 2015-жылдын  11-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  менен Бириккен Улуттар Уюмунун  Башкы катчысы Пан Ги Мун басма сөз кызматкерлери үчүн билдирүү жасашты. 

Бириккен Улуттар Уюмунун  Башкы катчысы Пан Ги Мун өз сөзүндө  Президент Алмазбек Атамбаевге, өлкөнүн Өкмөтүнө жана Кыргызстан элине меймандостугу жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн  ыраазычылык билдирди.

БУУнун Башкы катчысы  Кыргызстан кедейчиликти кыскартууда, кыздардын жана  жаш аялдардын билим алуусу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүдө, туруктуу экологиялык өнүктүрүүнү илгерилетүүдө секирик жасагандыгын белгиледи.

Пан Ги Мун ошону менен бирге  2010-жылдын июнундагы окуялардын себептерин иликтөөдө, сот жана укук коргоо системаларындагы жүргүзүлүп жаткан реформаларды аягына чыгаруу боюнча  Кыргызстан бийлигинин аракеттерин колдоого алаарын белгиледи.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин алдында сүйлөп жатып Пан Ги Мун кыргыз-тажик чек арасын бойлой жашаган коомчулуктардын ортосунда бул процесске аялдарды жана жаштарды тартуу менен кызматташууну илгерилетүүгө байланыштуу БУУнун Тынчтыкты жаратуу фондунун жаңы демилгеси тууралуу жарыя кылды.

Өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаев БУУнун Башкы катчысына  Кыргызстанда акыркы 5 жылдын аралыгында жасалган иштерге жогору баа бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди. ”Биз Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда канатташ чек араларда кызматташууну бекемдөө боюнча Тынчтыкты жаратуу фондунун алкагындагы БУУна  жаңы демилгеси үчүн биз абдан ыраазыбыз. Эске сала кетейин, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда канатташ чек аралар боюнча кызматташууну тереңдетүүнү көздөгөн тиешелүү документтерге жакында эле кол коюлган. Биз канатташ чек аралардагы бардык  маселелерди чечүү боюнча активдүү иш жүргүзүп жатабыз”,- деди Алмазбек Атамбаев.

“Кыргызстан бийлигинин алдында көптөгөн маселелер, чече турган проблемалар бар экендигин дагы жакшы түшүнөбүз. Биз Кыргызстан элинин, дүйнөлүк коомчулуктун, тактап айтканда БУУнун ишенимин акташ үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев сөзүнүн аягында  БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мунго Кыргызстанга келип, өлкөдө аткарылып жаткан иштерге жогору баа бергендиги үчүн дагы бир ирет ыраазычылык билдирип, Ош шаарына сапары байсалдуу болушун каалады.

 
2015-жыл 11-июнь