Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мун менен жолугушту

Бүгүн, 2015-жылдын  11-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысы Пан Ги Мун  менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө  Кыргызстан менен БУУ системасынын ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланып,  түрдүү чөйрөдөгү  өз ара аракеттенишүүнүн  артыкчылыктары белгиленип,  регионалдык жана эл аралык маселелердин актуалдуу аспектилери козголду.

Президент Алмазбек Атамбаев менен БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мун биргелешип жүргүзүп жаткан иштерге канааттангандыгын билдиришип, өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн алкагында Кыргызстан менен БУУ ортосундагы  кызматташуунун  жакшы динамикасын белгилешти.

БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мун  Кыргызстандын  шайлоо процесстерин ачык-айкын өткөрүүдөгү, парламентаризмди өнүктүрүүдөгү жана демократиялык кайра түзүүлөрдү алдыга жылдыруудагы жетишкендиктерин белгиледи.

Өз кезегинде Мамлекет башчысы  2013-2017-жылдары өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын, ошондой эле  Миң жылдыкты өнүктүрүүнүн максаттарын ишке ашыруунун жүрүшү туурасында айтып берди.  Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө демократиялык институттарды өнүктүрүү жана бекемдөө,  коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү, шайлоо жана сот системаларындагы реформаларды жүзөгө ашыруу боюнча  өлкөдө жүргүзүлүп жаткан иштерге  токтолду.

Мамлекет башчысы  Кыргызстан менен БУУнун агенттиктеринин ортосундагы мындан аркы кызматташуу  өлкөнүн жана жалпы Борбордук Азия регионун өнүктүрүүнүн кызыкчылыктарына шайкеш келет деген ишенимин билдирди.

 
2015-жыл 11-июнь