Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн 12 балдар мекемесине жалпы суммасы 3 млн 600 сомдук финансылык колдоо көрсөттү

Бүгүн, 2015-жылдын 1-июнунда, Балдарды коргоо эл аралык күнүнө карата өлкөнүн он эки балдар мекемесине Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан акча сертификаттарын салтанаттуу тапшыруу аземи өттү.

Мамлекет башчысынын буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Уюштуруу фондунан өлкөнүн балдар мекемесине финансылык колдоо көрсөтүү максатында 3 млн 600 миң (үч миллион алты жуз миң) сом бөлүндү.

Алуучулардын арасында: жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган 5 балдар үйү, Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигинин системасындагы жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн 4 мектеп-интернат жана Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин системасындагы 3 балдар үйү.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаев балдар мекемелеринин башчыларын Балдардын эл аралык күнү менен куттуктап, жасаган эмгеги жана ишине берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Балдар мекемелеринин башчыларына кайрылып Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси балдар дайыма кам көрүүгө жана коргоого муктаж. “Балдар-  бул биздин жашоодогу эң кымбат нерсе. Биз балдар үчүн жашайбыз жана эмгектенебиз, сыймыктанчу өлкөнү алар менен бирге кургубуз келет”, - деди Данияр Нарымбаев.

Жолугушуу учурунда, мамлекет тарабынан социалдык колдоо, билим жана саламаттыкты сактоо жаатында түрдүү программалар даярдалып ишке ашырылып жаткандыгы белгиленди. Балдардын кызыкчылыгын жана укугун коргогон ченемдик база бар, эл аралык укуктун ченемдеринин жана принциптеринин негизинде түзүлгөн, аларды ишке ашыруу механизми өнүктүрүлүүдө. Бирок көрүлгөн чараларга карабастан, Данияр Нарымбаев белгилегендей, алардын иш жүзүндөгү жыйынтыктары мамлекет жана коом тарабынан жетишерлик эмес деп бааланууда.

Биз болгон күч-кубатыбызды ар бир баланын негизги укугун камсыз кылууга – бактылуу балалыкка болгон укугун  камсыз кылууга жумшашыбыз керек. Биздин кичинекей кыргызстандыктарыбыздын  жашоосу кырсыктардан, кыйынчылыктардан жана кылмыштардан корголууга тийиш. Ар бир баланын кыялы ишке ашып, биздин балдарыбыз өнүгүп-өскөн, тынч жана туруктуу мамлекетте жашашы керек”, - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси.

Өз кезегинде балдар мекемелеринин башчылары Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге көңүл бургандыгы жана көрсөтүлгөн финансылык колдоосу үчүн ыраазычылык билдиришти.

Жолугушууга ошондой эле Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев жана Кыргыз Республикасынын билим жана илим министри Эльмира Сариева дагы  катышышты.

2015-жыл 1-июнь