Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстан Өкмөтү менен Катар Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2014-жылдын 8-декабрында Доха шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине катар тарапка Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарлоо тапшырмасы берилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 1-июнь