Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши  тарабынан 2015-жылдын 6-майында кабыл алынган.

Мыйзам менен актуардык ишкердикке жана камсыздандыруу брокерлери үчүн лицензиялоону киргизүү каралган. Бул максатта 1998-жылдын 23-июлунда №96 “Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө” Мыйзамга жана 2013-жылдын 19-октябрындагы №195 “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилүүдө.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 1-июнь