Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (ишкердик субъекттерин каттоо жана жоюу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү жөнүндө)” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 23-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамдын долбоору жеке ишкердиктин субъектилерин (юридикалык жактарды, жеке ишкерлерди) жоюу жана каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, мамлекеттик органдар тарабынан документтерди кароо мөөнөтүн азайтуу, ишкердикти административдик жөнгө салуу деңгээлин төмөндөнтүү максатында кабыл алынган.

2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 1-берененин 9-бөлүгүнүн алтынчы абзацын, 3-берененин экинчи абзацын кошпогондо, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 1-июнь