Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстан Өкмөтү менен Катар Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2014-жылдын 8-декабрында Доха шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар МамлекетининӨкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндөмакулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынакол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 30- апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине КатарМамлекетинин Өкмөтүнө Кыргыз Республикасы тарабынан көрсөтүлгөн Макулдашуунункүчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндөбелгиленген тартипте кабарлоо тапшырмасы берилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 1-июнь