Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосунда Достук, өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө келишим ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2014-жылдын 11-ноябрында Ашхабад шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы  жана Түркмөнстандын ортосундагы  Достук, өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө келишимди  ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына  кол койду.

Мыйзам Кыргыз  Республикасынын Жогорку Кеңеши  тарабынан 2015-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине түркмөн тарапка Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн  Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарлоо тапшырмасы берилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 30-май